"Гинекология жана акушердик иш" жана "Балдар оорулары" боюнча обзордук лекциялар өттү
19-май күнү Ош эл аралык медициналык университетинде 5-курс студенттери үчүн «Гинекология жана акушердик иш» жана «Балдар оорулары» дисциплиналары боюнча обзордук лекциялар өткөрүлдү.
Лекциялар студенттерди жыйынтыктоочу аттестацияга даярдоонун алкагында уюштурулуп, теориялык билимдерди системалаштырууга, клиникалык учурларды талдоого жана негизги темаларды кайталоого багытталды.
Сабактардын жүрүшүндө окутуучулар ооруларды аныктоо, дарылоо жана алдын алуу боюнча заманбап ыкмаларга, ошондой эле келечектеги дарыгерлердин практикалык ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурушту.
ОЭАМУ фундаменталдык билим менен практикага багытталган окутууну айкалыштырып, келечектеги медициналык адистерди сапаттуу даярдоону улантууда.