2027-жылга илимий долбоорлорду каржылоо үчүн арыздарды кабыл алуу башталды
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 2027-жылга программалык-максаттуу каржылоонун алкагында илимий, илимий-техникалык жана инновациялык долбоорлорду каржылоо үчүн арыздарды кабыл алуу башталганын жарыялады.
Сынак саламаттык сактоо, санариптик трансформация, туруктуу энергетика, жашыл экономика, азык-түлүк жана биологиялык коопсуздук, климаттын өзгөрүшү, ошондой эле Кыргызстандын тарыхы жана кыргыз тили багыттары боюнча өткөрүлөт.
Долбоорлорду кароодо илимий жаңычылдыгына, практикалык маанисине, ишке ашыруу планынын тактыгына жана каржылык эсептөөлөрдүн негиздүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулат.
Конкурстун шарттарына ылайык, сунушталган темалар тиешелүү мамлекеттик жана тармактык органдардын илимий-техникалык кеңештеринде алдын ала талкууланышы керек. Тиешелүү протоколдор арызга тиркелүүгө тийиш.
Документтер 2026-жылдын 18-майынан 18-июнуна чейин электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу кабыл алынат.
Университет илимий-педагогикалык коомчулукту мамлекеттик колдоого ээ болуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, келечектүү илимий долбоорлорду даярдоого активдүү катышууга чакырат.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефону: 0312 68 04 76.