Ачык эшиктер күнү

Ачык эшиктер күнү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

2025-жылдын 20-мартында кесиптик багыт берүү максатында №52 «Кыргыз-Түрк достугу» орто жалпы билим берүү мектеп-лицейинин 11-классынын окуучулары Osh International Medical Universityне келип кетишти.

Жолугушуунун жүрүшүндө окуучулар университеттин билим берүү программалары менен таанышып, окуунун мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги тууралуу маалымат алышты, ошондой эле өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Университеттин өкүлдөрү коноктор үчүн кампус боюнча экскурсия өткөрүп, кафедралар, окуу жана илимий мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып беришти, ошондой эле симуляциялык борбордун ишин көрсөтүштү.

Мындай иш-чаралар келечектеги абитуриенттерге кесипти аң-сезимдүү тандоого жана медицина тармагы менен жакындан таанышууга жардам берет. Биз өз өмүрүн медицина менен байланыштырууну каалаган жаш, максаттуу окуучуларды ар дайым кубануу менен тосуп алабыз!



Фото галерея