ОЭАМУнун жаңы илимий жетишкендиктери: Scopus эл аралык базасындагы жаңы публикациялар

ОЭАМУнун жаңы илимий жетишкендиктери: Scopus эл аралык базасындагы жаңы публикациялар

оэаму ишиму oshimu омму oimu

Ош эл аралык медициналык университетинде илимий-изилдөө ишмердүүлүгү активдүү өнүгүүсүн улантууда. Жакында Ош эл аралык медициналык университетинин аффилиациясы менен жарыяланган conference paper форматындагы кезектеги 6 илимий макала Scopus эл аралык илимий маалымат базасына индекстелди. Макалалардын авторлору - Сакибаев К.Ш., Муратов Ж.К. жана авторлоштору.

Scopus базасына илимий эмгектердин индекстелиши изилдөөлөрдүн сапатынын жана маанилүүлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат. Эл аралык рецензияланган басылмалардагы публикациялар Ош эл аралык медициналык университетинин академиялык аброюн бекемдеп, эл аралык илимий кызматташтыкты кеңейтүүгө, авторлордун цитаталануу индексин жогорулатууга жана гранттык, илимий долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, Scopus базасында индекстелген публикациялар окумуштуулардын кесиптик жана карьералык өсүшүндө маанилүү роль ойнойт жана изилдөөлөрдүн эл аралык академиялык стандарттарга жооп берерин тастыктайт.

Ош эл аралык медициналык университетинин жетекчилиги бардык авторлошторду кезектеги илимий жетишкендиги менен куттуктап, мындан аркы илимий ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди, жаңы изилдөөлөрдү жана жогорку академиялык жыйынтыктарды каалайт.



Фото галерея