ОЭАМУнун студенттери жасалма интеллект боюнча шаардык сынакта I орунду ээлешти

ОЭАМУнун студенттери жасалма интеллект боюнча шаардык сынакта I орунду ээлешти

оэаму ишиму oshimu омму oimu

2026-жылдын 23-апрелинде Ош мамлекеттик университети «Заманбап билим берүүдөгү жасалма интеллекттин ролу» темасында шаардык интеллектуалдык сынак уюштурду.

Иш-чарага шаардын төрт жогорку окуу жайынын студенттери катышты, алардын ичинде Ош эл аралык медициналык университети, Кыргыз улуттук университети жана Ош мамлекеттик педагогикалык университети бар.

Ош эл аралык медициналык университетинин 1-курс студенттери, тил дисциплиналарынын окутуучулары тарабынан даярдалып, жогорку деңгээлдеги билимдерин көрсөтүп, сынактын жыйынтыгы боюнча I орунду ээлешти.

Ошондой эле Эмин Блэсси аттуу студент кыз кыргыз тилинде ыр аткарганы үчүн сертификат менен сыйланды.

Бул иш-чара студенттердин интеллектуалдык, тилдик жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, ошондой эле жогорку окуу жайлар аралык кызматташтыкты чыңдоого маанилүү аянтча болду.



Фото галерея