ОЭАМУда Дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө арналган иш-чара өттү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

24-мартта Ош эл аралык медициналык университетинин базасында Дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Университеттин студенттери бул илдеттин алдын алуу жана дарылоо боюнча жарандарды маалымдоо максатында уюштурулган агартуу акциясына активдүү катышышты. 

Иш-чаранын алкагында студенттер шаар тургундарына кургак учуктун белгилери, сактануу чаралары жана дарылоо тууралуу маанилүү маалыматтарды камтыган карточкаларды
таркатышты. Ошондой эле, алар кыскача лекцияларды окуп, адамдарды өз ден соолугуна кылдат мамиле кылууга чакырышты.

Бул сыяктуу демилгелер калктын медициналык сабаттуулугун жогорулатууга жардам берип, студенттердин коомдук саламаттыкты сактоо жаатында жумшак практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө шарт түзөт. Студенттерибиздин жигердүүлүгү жана коомдук жыргалчылыкка кошкон салымы менен сыймыктанабыз! https://www.instagram.com/reel/DHIgPCetnGy/?igsh=MW03Z2c2eHJxdDhoeQ==



Фото галерея