ОЭАМУнун Президенти Муратов Ж.К.нын илимий жетекчилиги астында докторант PhD даражасын алды

ОЭАМУнун Президенти Муратов Ж.К.нын илимий жетекчилиги астында докторант PhD даражасын алды

оэаму ишиму oshimu омму oimu

2026-жылдын 20-апрелинде Ош эл аралык медициналык университетинин Президенти, медицина илимдеринин доктору Муратов Ж.К.нын илимий жетекчилиги алдында билим алган Али Мунир диссертациясын ийгиликтүү жактап, медицина илимдери боюнча PhD даражасына ээ болду.

Бул маанилүү жетишкендик изилдөөчүнүн жана анын илимий жетекчисинин биргелешкен жемиштүү эмгегинин натыйжасы болуп саналат. Муратов Ж.К.нын жогорку деңгээлдеги илимий жетекчилиги, кесипкөйлүгү жана көп жылдык тажрыйбасы диссертациялык иштин сапаттуу даярдалышына жана ийгиликтүү корголушуна чоң салым кошту.

Ош эл аралык медициналык университетинин жамааты Али Мунирди PhD даражасын алышы менен чын жүрөктөн куттуктап, ошондой эле университеттин Президенти Муратов Ж.К.га илимий кадрларды даярдоого жана университеттин академиялык чөйрөсүн өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Муратов Ж.К.га мындан аркы илимий жана педагогикалык ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди жана таланттуу шакирттерди, ал эми Али Мунирге кесиптик өсүш, шыктануу жана илимий мүмкүнчүлүктөрүн толук ишке ашырууну каалайбыз!



Фото галерея