ОЭАМУда эл аралык аккредитацияга даярдык боюнча өндүрүштүк жыйын өттү

ОЭАМУда эл аралык аккредитацияга даярдык боюнча өндүрүштүк жыйын өттү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

      10-апрелде Ош эл аралык медициналык университетинин чоң лекциялык залында профессордук-окутуучулук курамдын жана административдик кызматкерлердин катышуусунда өндүрүштүк жыйын болуп өттү. Жыйындын негизги темасы университетти алдыдагы эл аралык аккредитациядан өткөрүүгө даярдоо болду.

      Жыйынды ОЭАМУнун ректору Джумаев Р.М. ачып, бул этап университеттин өнүгүшү, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана эл аралык деңгээлдеги аброюн бекемдөө үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Өз сөзүндө ректор аккредитациялык комиссиянын курамы менен тааныштырып, өзгөчө көңүл бурууну талап кылган негизги багыттарды белгиледи.

       Социалдык долбоорлор жана мамлекеттик тил боюнча проректор Алиева Ч.М. талаптардын так сакталуусунун, документтердин туура жүргүзүлүшүнүн жана ар бир кызматкердин активдүү катышуусунун маанисине токтолду. Ошондой эле ал корпоративдик маданият жана командалык иш аккредитациядан ийгиликтүү өтүүнүн маанилүү фактору экенин белгиледи.

      Окуу жана илимий иштер боюнча проректор Сакибаев К.Ш. билим берүү процессинин сапаты, окуу-методикалык документтер жана илимий ишмердүүлүк боюнча кеңири маалымат берип, эл аралык стандарттарга жооп берүү үчүн сунуштарды айтты.

     Жыйындын жүрүшүндө уюштуруучулук маселелер, милдеттерди бөлүштүрүү жана белгиленген тапшырларды аткаруу мөөнөттөрү талкууланды. Ар бир бөлүмдүн тышкы баалоого даяр болушу жана системалуу иш алып баруу зарылдыгы белгиленди.

     Мындай жыйындар жамааттын биримдигин бекемдеп, жалпы максаттарды ишке ашырууга өбөлгө түзөт. Эл аралык аккредитацияга даярдык университеттин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда маанилүү кадам болуп саналат.



Фото галерея