ОЭАМУнун окуу пландарын жаңылоо боюнча ички жумушчу топ бекитилди

оэаму ишиму oshimu омму oimu

20-мартта ОЭАМУнун Административдик кеңешинин кезектеги жыйынында 2025-2026-окуу жылына карата окуу жана жумушчу окуу пландарын кайра карап чыгуу,өзгөртүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча ички жумушчу топтун курамы бекитилди. Бул иш-чара КР Билим берүү жана илим министрлигинин 30.07.21 -ж. кабыл алынган ЖОЖдун мамлекеттик билим берүү стандартынын 4.1.1., 5.2.1. жана 5.3.4. пункттарына, ошондой эле ААОПОнун 22.02.23-ж. сунуштарына (СТАНДАРТТАР 2.2., 3.3.) ылайык ишке ашырылат. Жумушчу топко ГСЭ, МЭН жана ПЦ блокторунун (медико-биологиялык, терапиялык, хирургиялык, медико-профилактикалык, педиатрия, акушердик жана гинекологиялык, өндүрүштүк практика) предметтери боюнча адис-окутуучулары тартылды.

Белгилеп өтсөк, жумушчу топтун мүчөлөрүнө кошумча катары НББП жана окуу планындагы дисциплиналар боюнча УМКД түзүүнү уюштуруу жоопкерчиликтери да бекитилди.



Фото галерея