ОММУда медициналык жардам көрсөтүү көндүмдөрү боюнча мастер-класс уюштурулду
19-мартта Кызыл Крест командасы уюштурган мастер-класстар ОЭАМУнун базасында өткөрүлдү. Иш-чараны ОЭАМУнун табигый-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын жетекчиси Э.Д. Нишанкулова жетектеп, студенттер кеңешинин
өкүлдөрү да катышты.
Мастер-класстардын алкагында студенттер биринчи медициналык жардам көрсөтүү, өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу жана башка маанилүү медициналык ишмердүүлүктүн аспектилери боюнча баалуу билимдер менен практикалык көнөмдөрдү алышты. Кызыл Кресттин адистери заманбап куткаруу ыкмаларын симуляциялык жабдууларда көрсөтүштү, ал эми катышуучулар жардам көрсөтүү техникаларын практикалык түрдө колдонуп көрүштү.