ОЭАМУда окутуучулар жана студенттер катышкан масштабдуу ишембилик өттү

ОЭАМУда окутуучулар жана студенттер катышкан масштабдуу ишембилик өттү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

     2026-жылдын 31-мартында Ош эл аралык медициналык университетинде масштабдуу ишембилик өткөрүлүп, ага бардык окутуучулар жана студенттер активдүү катышышты.

     Иш-чаранын алкагында профессордук-окутуучулук курам жана бардык курстардын студенттери окуу корпустарынын, жатаканалардын жана айланасын тазалоо иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле университет аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери аткарылды.

     Ишембилик ынтымактуу жана достук маанайда өтүп, университет жамаатынын биримдигин жана жоопкерчилигин дагы бир жолу көрсөттү.

     ОЭАМУ айлана-чөйрөгө болгон жоопкерчиликти калыптандырууга жана университет аймагына аяр мамиле жасоону жайылтууга өзгөчө көңүл бурууну улантууда.



Фото галерея