VII Эл аралык илимий конференция жарыяланды — ОЭАМУ биринчи жолу уюштуруучулардын бири катары катышат

оэаму ишиму oshimu омму oimu

2025-жылдын 9-апрелинде VII Эл аралык илимий конференция өтөт. Анын темасы - «Фундаменталдык жана колдонмо медициналык изилдөөлөрдүн клиникалык-морфологиялык аспектилери». Конференциянын уюштуруучулары: Н.Н. Бурденко атындагы Воронеж мамлекеттик медициналык университети; Патрисиа Лумумба атындагы Россия элидер достугу университети: Беларусь мамлекеттик медициналык университети; Ош мамлекеттик университети; Ош эл аралык медициналык университети; Андижан мамлекеттик медициналык институту (Өзбекстан); Россиянын анатомдор, гистологдор жана эмбриологдордун илимий медициналык Коому.

Конференциянын тематикасы: Интегративдик антропонутрициология Клиникалык, варианттык жана курактык анатомия Эксперименталдык жана клиникалык морфология Морфологиялык изилдөөлөрдөгү биоэтикалык маселелер Морфологиялык жана медико-биологиялык дисциплиналарды окутуунун актуалдуу маселелери

Катышуу формалары: күндүзгү (очно) жана сырттан (заочно). Конференциянын материалдары Elibrary.ru сайтына жайгаштырылып, РФ Илимий шилтемелер индекси (РИНЦ) боюнча индексацияланат.

Өзгөчө кубанычтуу жаңылык - Ош эл аралык медициналык университети бул илимий-практикалык конференциянын тең, уюштуруучусу катары чыгып, Россия, Беларусь, Өзбекстан жана Кыргызыстандын ЖОЖдорунун консорциумуна толук кандуу мүчө болду. Бул бирикме - илимий-методикалык жана илимий-билим берүү кызматташтыгы боюнча тажрыйба алмашуу үчүн туруктуу иштеген платформа болуп саналат.



Фото галерея