ОЭАМУнун окутуучулары англис тилин билүү деңгээлин тастыкташты

ОЭАМУнун окутуучулары англис тилин билүү деңгээлин тастыкташты

оэаму ишиму oshimu омму oimu

      2026-жылдын 31-мартында Ош эл аралык медициналык университетинде англис тили боюнча сертификаттарынын мөөнөтү бүткөн окутуучулар үчүн TOEFL эл аралык тестирлөөсү өткөрүлдү.

      Бул иш-чара окутуучулардын тилдик квалификациясын тастыктоо жана жаңыртуу максатында уюштурулду. Айрыкча чет өлкөлүк студенттерди окутууда жана эл аралык программаларды ишке ашырууда англис тилин жогорку деңгээлде билүү маанилүү талап болуп саналат.

     Окутуучулар тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүп, жогорку деңгээлдеги тил билимин, кесипкөйлүгүн жана өзүн-өзү өнүктүрүүгө болгон умтулуусун көрсөтүштү.

     ОЭАМУ кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга жана билим берүүнүн сапатын эл аралык стандарттарга ылайык камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурууну улантууда.



Фото галерея