Жатаканаларда кечки текшерүү жүргүзүлдү

Жатаканаларда кечки текшерүү жүргүзүлдү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

     2026-жылдын 30-мартында улук куратор жана нөөмөтчү куратор кезметтин алкагында студенттик жатаканаларда пландуу кечки текшерүү жүргүзүштү.

     Текшерүүнүн жүрүшүндө студенттердин ички тартип эрежелерин сактоосу, бөлмөлөрдүн жана жалпы пайдалануудагы жайлардын санитардык абалы, ошондой эле жашоо шарттары көзөмөлдөндү. Өзгөчө көңүл коопсуздукка, тартипке жана студенттер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө бурулду.

     Кураторлор студенттер менен маектешип, суроолоруна жооп берип, белгиленген эрежелерди сактоонун маанилүүлүгүн эскертишти.

     Мындай иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп, тартипти, коопсуздукту камсыз кылууга жана студенттер үчүн ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүүгө багытталган.



Фото галерея