«Мисс ОЭАМУ - 2026» сынагы болуп өттү

«Мисс ОЭАМУ - 2026» сынагы болуп өттү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

     2026-жылдын 28-март күнү Ош эл аралык медициналык университетинде эң жаркын жана күтүлгөн студенттик иш-чаралардын бири — «Мисс ОЭАМУ – 2026» сынагы болуп өттү. Бул жылы баш байге үчүн 10 таланттуу жана максаттуу студент кыз ат салышты.

     Сынак үч этаптан турду. Биринчи этап — «Тааныштыруу» бөлүгүндө катышуучулар өздөрүн тааныштырып, кызыгуулары жана максаттары тууралуу айтып беришти, ошондой эле сахнада өздөрүнүн көрктүүлүгүн жана ишенимдүүлүгүн көрсөтүштү. Экинчи этапта калыстар тобу тарабынан берилген татаал кырдаалдык суроолорго жооп беришип, логикалык ой жүгүртүүсүн жана тапкычтыгын көрсөтүштү. Үчүнчү этапта катышуучулар өз таланттарын тартуулашты.

Бардык катышуучулар жогорку деңгээлде чыгыш жасап, калыстарды жана көрүүчүлөрдү таасирлентти. Жыйынтыгында төмөнкү номинациялар ыйгарылды:

  • «Мисс креативдүүлүк» — 2-курс студенти Маржана
  • «Эң сулуу жылмаюу» — 1-курс студенти Эмин Блесси
  • «Мисс талант» — ЛД6-1-25 тобунун студенти Жумагүл
  • «Мисс стиль» — 1-курс студенти Санскрути
  • «Эң сулуу көздөр» — 1-курс студенти Хуши
  • «Мисс элеганттуулук» — ЛД5-2-25 тобунун студенти Бегум Миназ

«Мисс ОЭАМУ – 2026» наамын ЛД5-6-25 тобунун студенти Ратод Нандини жеңип алды.

Кеченин өзгөчө көз ирмеми — «Мисс ОЭАМУ – 2025» наамынын ээси Гарима жаңы жеңүүчүгө таажыны тапшырып, ийгилик каалады.

Бул сынак студент кыздардын өзүн көрсөтүүсүнө, чыгармачылыгын ачууга жана студенттик биримдикти чыңдоого чоң салым кошот.



Фото галерея