Билим берүүдө инновациялар: ОММУнун эл аралык конференциядагы баяндамалары
Курск мамлекеттик медициналык университетинин базасында медициналык билим берүүнү модернизациялоо жана санариптештирүү шартындагы педагогиканын актуалдуу маселелерине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференцияга ар кайсы өлкөлөрдүн алдыңкы медициналык окуу жайларынын өкүлдөрү, анын ичинде Ош эл аралык медициналык университети катышты.
Пленардык жыйында окуу жана илимий иштер боюнча проректор, медицина илимдеринин кандидаты Сакибаев Кыялбек Шерикбаевич «ОММУ мисалында окуу процессинде билим берүүнүн жыйынтыктарын түзүүнүн тажрыйбасы» темасында баяндама жасады. Ал өз сөзүндө студенттердин окуу жыйынтыктарын калыптандыруу жана баалоодо колдонулган заманбап ыкмалар тууралуу айтып берди.
Ошондой эле секциялык жыйында Канетова Д.Э., Сакибаев К.Ш. жана Ураимов А.Ж. тарабынан «Санариптештирүү шартында жогорку окуу жайдын билим берүү процессин башкаруу: архитектуралык ыкма (eBilim системасынын мисалында)» аттуу баяндама сунушталды.
Конференция тажрыйба алмашуу, инновациялык ыкмаларды талкуулоо жана эл аралык кызматташууну бекемдөө үчүн маанилүү аянтча болду.