ОЭАМУда FMGE экзаменине даярдык алкагында микробиология боюнча оффлайн лекциялар өтүүдө
2026-жылдын 9-мартынан 14-мартына чейин Ош эл аралык медициналык университетинде 5-курс студенттери үчүн FMGE экзаменине даярдык алкагында микробиология боюнча оффлайн лекциялар өтүүдө.
Лекцияларды Индиядан чакырылган доктор Ashwani Ranjan өткөрүүдө. Сабактардын жүрүшүндө студенттерге экзаменге ийгиликтүү даярдануу үчүн зарыл болгон микробиология боюнча негизги темалар сунушталууда. Өзгөчө көңүл билимдерди системалаштырууга, экзамендеги маанилүү суроолорду талдоого жана дисциплина боюнча теориялык базаны бекемдөөгө бурулууда.
Студенттерди даярдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык белгиси катары Ош эл аралык медициналык университети доктор Ashwani Ranjanга ыраазычылык катын тапшырды.
Ошондой эле сапардын алкагында доктор ОЭАМУнун Студенттик сенаты менен жолугушуп, студенттер менен баарлашып, университетибиз тууралуу жылуу пикирлерин билдирди. Ал окуу жайдагы достук атмосфераны, студенттердин жигердүүлүгүн жана университеттин сапаттуу билим берүүгө болгон умтулуусун өзгөчө белгиледи.
Мындай чакырылган адистердин катышуусундагы лекциялар студенттердин даярдык сапатын жогорулатууга, алардын академиялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана эл аралык квалификациялык экзамендерге кыйла натыйжалуу даярдануусуна өбөлгө түзөт.