ОЭАМУда Окумуштуулар кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

ОЭАМУда Окумуштуулар кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

      2026-жылдын 13-мартында Ош эл аралык академиялык медицина университетинин чоң жыйындар залында кезектеги Окумуштуулар кеңешинин жыйыны болуп өттү.

      Күн тартибинин алкагында университеттин окуу жана уюштуруучулук ишмердүүлүгүнө байланышкан маанилүү маселелер каралды. 2025–2026-окуу жылынын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Ташматова Н.М. баяндама жасады. Ал өз сөзүндө отчёттук мезгилдеги негизги жыйынтыктарды чыгарып, экинчи жарым жылдыкка карата милдеттерди белгиледи.

      Кийинки маселе боюнча кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Нишанкулова Э. 2025–2026-окуу жылындагы абитуриенттерди кабыл алуу боюнча отчётун сунуштады. Ошондой эле жыйындын катышуучулары жаңы кабыл алуу өнөктүгүнө даярдык көрүү жана кийинки окуу жылына карата бул багыттагы негизги иштерди талкуулашты.

     Жыйындын соңунда Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү университеттин ишмердүүлүгүнө байланыштуу ар түрдүү учурдагы маселелерди карап чыгышты.



Фото галерея