ОЭАМУ менен «Илимий публикациялар» ЖЧКсынын ортосунда билим берүү жана илим тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду

оэаму ишиму oshimu омму oimu

Ош эл аралык медициналык университети менен «ИЛИМИЙ ПУБЛИКАЦИЯЛАР» ЖЧКсынын ортосунда кызматташуу МЕМОРАНДУМу түзүлдү. Анын алкагында төмөнкү багыттар белгиленди:
1. Билим берүү, илим, наукометрия жана илимий изилдөөлөр тармагында кызматташуу (илим жана билим берүүнүн учурдагы абалы, өнүгүү келечеги жана илимий потенциалды жогорулатуу жолдору);
2. Илимий-билим берүү иш-чараларын маалыматтык жана уюштуруу жактан камсыздоо, аларды колдоо (биргелешкен билим берүү иш-чараларын, айрыкча наукометрия боюнча вебинарларды уюштуруу);
3. Илимий макалаларды жана изилдөөлөрдү жазуу жана эл аралык наукометриялык базаларга (Scopus, WoS) жайгаштыруу боюнча маалыматтык- консультациялык кызматташуу;
4. Университеттин рейтингин жогорулатуу, илимий журнал түзүү жана аны эл аралык базаларда жайылтуу боюнча иштер.

« Илимий Публикациялар» - илимий консалтинг жана наукометрия багытындагы алдыңкы орунду ээлеген компания. 8 жылдан ашуун ийгиликтуу ишмердүүлүгүндө уюм өз географиясын 45 өлкөгө чейин кеңейткен, алардын ичинде Кыргызстан, Германия, Франция, АКШ, Канада, Польша, Казакстан, Кытай, Түштүк Корея жана башкалар бар. Бул сыяктуу иш-чаралар илимдин ыкчам өнүгүшүнө салым кошот жана сунушталган кадамдардын ишке ашырылышы университеттин илимий ишмердүүлүгүн стимулдап, анын улуттук жана эл аралык деңгээлдеги позициясын бекемдейт.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын күз айында «Илимий Публикациялар» компаниясынын негиздөөчүсү Денис Сергеевич Пилипенко жумушчу сапары менен Ош шаарына келип, доцент К.Ш. Сакибаев менен жолугуп, келечектеги кызматташуунун мумкунчулуктерун талкуулашкан. Ошондой эле Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин (ОшМУ, ОшТУ, ОшМПУ) өткүлдөрү менен жолугушууларды өткөргөн.



Фото галерея