КИВО долбоорунун алкагында Академиялык инновациялык фонддун гранттарына экинчи сынак жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги «Жогорку билим берүүдө сапат жана инновациялар» (КИВО) долбоорунун алкагында Академиялык инновациялык фонддун гранттарын алууга экинчи айлампадагы сынакты жарыялады.
Сынактын негизги максаты — өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын илимий мүмкүнчүлүгүн арттыруу, ошондой эле университеттер менен экономиканын ар түрдүү тармактарынын ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган инновациялык академиялык жана илимий демилгелерди колдоо. Сынакка мамлекеттик жана жеке менчик жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана изилдөөчүлөрү катыша алышат.
Долбоорлорду тандоо учурунда аялдар жетектеген, студент кыздардын, социалдык жактан аярлуу топтордун өкүлдөрүнүн жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын катышуусун камтыган демилгелерге өзгөчө көңүл бурулат.
Гранттын эң жогорку көлөмү 200 000 АКШ долларына чейин жетет, ал эми долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 36 айга чейин каралган.
Сынак эки этап менен өткөрүлөт. Биринчи этапта катышуучулар долбоордун идеясын 2026-жылдын 8-апрелине чейин, саат 24:00гө чейин тапшырышы керек. Экинчи этапта толук долбоордук сунуш 2026-жылдын 30-июлуна чейин, саат 24:00гө чейин даярдалып, сунушталат.
Маалыматтык өнөктүктүн алкагында окутуучулар жана изилдөөчүлөр үчүн Google Meet платформасында онлайн жолугушуулар өткөрүлөт:
12-март — саат 11:00дөн 12:00гө чейин,
16-март — саат 11:00дөн 12:00гө чейин,
19-март — саат 11:00дөн 12:00гө чейин.
Мындан тышкары, тааныштыруу семинарлары онлайн жана офлайн форматтарда 2026-жылдын 25-мартында, ошондой эле 3 жана 7-апрелинде уюштурулат.
Семинарларга катышуу үчүн 2026-жылдын 22-мартына чейин aifgrant2025@gmail.com электрондук дарегине кат жөнөтүү зарыл. Катта аты-жөнү, окуу жайы, тандалган семинардын датасы жана электрондук дарек көрсөтүлүшү керек.
Уюштуруучулар гранттык каражаттарды курулуш иштерине, окутуучуларга эмгек акы жана жөлөкпул төлөөгө, студенттерге стипендия берүүгө, транспорт каражаттарын сатып алууга, ошондой эле долбоорго түздөн-түз тиешеси жок башка чыгымдарга пайдаланууга тыюу салынарын эскертишет.
Сынак боюнча арыз формалары жана кошумча маалыматтар расмий булакта жеткиликтүү: https://egov.kg/kg/ministry/104/news/21044.
КИВО долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылып, жогорку билим берүү тармагындагы сапатты жогорулатууга жана системалуу өзгөрүүлөрдү илгерилетүүгө багытталган.
Сынакка катышуу жана арыз тапшыруу боюнча суроолор үчүн төмөнкү электрондук дарекке кайрылууга болот: aifgrant2025@gmail.com.