Labore et scientia, humanitate et arte — ОЭАМУнун жаңы сайтынын ишке кириши

оэаму ишиму oshimu омму oimu

ААОПО агенттигинин сунуштарын (7- СТАНДАРТ) ишке ашыруунун алкагында университеттин расмий сайты жаңыртылды: www.oimu.kg жана расмий Фейсбук баракчасы ачылды — "Osh International Medical University PRESS" деген аталыш менен. Баракчага ОЭАМУнун логотиби колдонулду: (https://www.facebook.com/profile.php?id=61573797178568&sk=about_profile. _transparency)

Дагы белгилей кетчү нерсе - университеттин урааны (девиз) 4 тилде иштелип чыкты:

1. Латын тилинде: "Labore et scientia, humanitate et arte";

2. Орус тилинде: "Трудом и знаниями, человеколюбием и искусством";

3. Англис тилинде: "Through hard work and knowledge, with humanity and skill";

4. Кыргыз тилинде: "Талыкпас эмгек жана билим менен, гумандуулук жана кайталангыс чеберчилик менен".

Бул ураан университетибизде иштеген кызматкерлерибизди жана студенттербизди бүтүндөй адамзаттын ден соолугуну жана жыргалчылыгы үчүн жаратмандык менен эмгектенүүгө дем берет. Ураанды университеттин кире беришине жана сайттын башкы бетине жайгаштыруу чечими кабыл алынды.

Бул иш-чаралар университеттин маалыматтык ачык-айкындуулугун өнүктүрүү боюнча Стратегиялык план негизинде ишке ашырылды. Бул план былтыр Окумуштуулар кеңешинин Жыйынында бекитилген. Ошондой эле кафедралар деңгээлинде сайттын мазмуну жана интерфейси бекитилди.



Фото галерея