ОЭАМУда «Мистер ОЭАМУ – 2026» тандалды
2026-жылдын 23-февралында Ош эл аралык медициналык университетинде студенттик масштабдуу иш-чара — «Мистер ОММУ – 2026» сынагы өткөрүлдү. Иш-чара 23-февраль майрамына карата уюштурулду.
Салтанаттуу ачылышта университеттин ректору жана президенти сөз сүйлөп, катышуучуларды жана конокторду 23-февраль менен куттукташты жана сынактын катышуучуларына ийгилик каалашты.
Сынакка жалпы 11 студент катышып, бир нече этаптарда өздөрүнүн таланттарын, анатомия боюнча билимдерин жана физикалык даярдыгын көрсөтүштү. Залдагы көрүүчүлөрдүн колдоосу иш-чарага өзгөчө маанай берип, майрамдык атмосфера түздү.
Калыстар тобунун чечими менен төмөнкү жеңүүчүлөр аныкталды:
-
Мистер ОММУ – 2026 — 1-курстун студенти Хитеш Прашант;
-
«Мистер жагымдуулук» — Мохамед Рихан;
-
«Мистер креативдүүлүк» — Дуйшоев Бектур;
-
«Мистер стиль» — Аасим Шафи.
Сыйлык тапшыруу аземинде өткөн жылдын «Мистер ОММУ» жеңүүчүлөргө ленталарды салтанаттуу түрдө тагып берди. Калыстар тобу катышуучуларга грамоталарды жана белектерди тапшырды.