ОЭАМУ Европадагы медициналык мектептер ассоциациясынын мүчөсү болду (AMSE)
Ош эл аралык медициналык университети AMSE - Европадагы медициналык мектептер ассоциациясынын (Association of Medical Schools in Europe) мүчөсү болду. Бул — университеттин эл аралык кызматташтыгын бекемдөөгө жана медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү кадам.
AMSEге мүчө болуу ОЭАМУ үчүн европалык академиялык демилгелерге катышууга, профессионалдык иш-чараларга аралашууга, медициналык мектептер менен тажрыйба алмашууга, ошондой эле биргелешкен билим берүү жана илимий долбоорлорду өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ассоциациядагы мүчөлүк окутуунун заманбап ыкмаларын киргизүүгө, өнөктөштөрдүн тармагын кеңейтүүгө жана университеттин эл аралык аброюн чыңдоого өбөлгө түзөт.
ОЭАМУ мындан ары да студенттер жана окутуучулар үчүн академиялык мобилдүүлүктү колдоого, эл аралык байланыштарды өнүктүрүүгө жана медициналык билим берүүдөгү мыкты тажрыйбаларды илгерилетүүгө багытталган иштерин улантат.