Балдар рагы менен күрөшүү күнүнө карата балдар онкология борборуна зыярат

Балдар рагы менен күрөшүү күнүнө карата балдар онкология борборуна зыярат

оэаму ишиму oshimu омму oimu

       15-февралда Балдар рагы менен күрөшүү күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чаралардын алкагында Ош эл аралык медициналык университетинин окутуучулары жана студенттери балдар онкология борборуна барышты.

        Буд иш-чаранын негизги максаты — дарыланып жаткан балдарды колдоо жана балдардагы онкологиялык ооруларды эрте аныктоонун, ошондой эле комплекстүү жардам көрсөтүүнүн маанисине коомчулуктун көңүлүн буруу болду. Кичинекей бейтаптар жана медициналык кызматкерлер үчүн чакан маданий-оюн-зоок программасы даярдалды: студенттер индиялык бийлерди көрсөтүп, ырларды аткарышты. Бул өзгөчө жылуу жана достук маанайды жаратты.

       Жолугушуунун соңунда студенттер кураторлор менен бирге балдарга чакан белектерди тапшырышты. Визиттин катышуучуларынын айтымында, негизги ниет — балдарга кубаныч тартуулап, колдоо көрсөтүп, жакшы маанай белек кылуу болду.

      ОЭАМУ өкүлдөрү мындай демилгелер келечектеги дарыгерлерде жоопкерчилик сезимин, боорукерликти жана бейтаптарга көңүл бурууну калыптандырып, ошол эле учурда университет менен аймактагы медициналык мекемелердин байланышын бекемдей турганын белгилешти.

      ОЭАМУ мындан ары да коом үчүн маанилүү демилгелерди колдоп, маалымдуулукту жогорулатууга жана камкордук менен өз ара жардамдашуу маданиятын өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды улантат.



Фото галерея