ОЭАМУда эпилепсия күнүне карата лекция өттү

ОЭАМУда эпилепсия күнүне карата лекция өттү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

       9-февралда Ош эл аралык медициналык университетинин чоң лекциялык залында эпилепсия күнүне арналган маалыматтык лекция болуп өттү. Лекцияны клиникалык дисциплиналар окутуучусу-невролог Караев Азизбек алып барды.

      Жолугушуунун жүрүшүндө Караев А. эпилепсиянын этиологиясы, негизги тобокелдик факторлору жана бул оору тууралуу кеңири тараган мифтер жөнүндө айтып берди. Өзгөчө көңүл коопсуздук жана туура биринчи жардам көрсөтүү маселелерине бурулду: окутуучу эпилепсиялык талма (приступ) учурунда кантип туура аракеттенүү керектигин жана тез жардам келгенге чейин адамды кантип колдоо керектигин практикалык түрдө көрсөттү.

      Иш-чара студенттер жана университет кызматкерлери тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынып, катышуучулар суроолорду активдүү берип, күнүмдүк турмушта кездешиши мүмкүн болгон кырдаалдарды талкуулашты.

       Мындай лекциялар медициналык сабаттуулукту жогорулатып, биринчи жардам көрсөтүүгө жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга, ошондой эле неврологиялык оорулар тууралуу коомчулукту маалымдоого багытталган маанилүү демилгелерди колдоого өбөлгө түзөт.



Фото галерея