ААОПОнун сунуштарын аткаруу боюнча документтерди даярдоо (25–28-февраль), постмониторинг алкагында

оэаму ишиму oshimu омму oimu

25-февралдан 28-февралга чейин жумушчу топтун мүчөлөрү тарабынан ААОПО агенттигинин сунуштарын ишке ашыруу максатында зарыл болгон документтер топтомун белгиленген формага ылайык даярдоо иштерин жүргүзүштү.

Тактап айтканда, 2-4-стандарттар боюнча университеттин миссиясынын структурасы, билим беруу максаттарынын макеттери, билим берүү программасынын мониторингдик баалоо формасы, кафедранын стратегиялык өнүгүү планы, негизги билим берүү программасынын программалык деңгээлдеги күтүлүүчү натыйжалары, алардын дисциплиналык деңгээлиндеги көчүрмөлөрүнүн формалары, баалоо каражаттарынын паспортторунун формалары иштелип чыгып, бекитилди.

Ошондой эле билим берүү программаларын макулдашуу жана жаңыртуу үчүн чет өлкөлүк медициналык университеттер менен өнөктөштүктү кеңейтүү максатында отчеттук мезгилде чет элдик алдыңкы лекторлордун коноктук лекциялары уюштурулду; биргелешкен илимий-методикалык эмгектер жарыяланды; Саргодха университети (Пенджаб, Пакистан) менен кызматташтык меморандуму узартылды; КММУ (Курск, РФ) менен кызматташтык меморандуму узартылды; Борбордук Азия Медициналык Университети (Фергана, Өзбекстан) менен стратегиялык кызматташтык меморандуму узартылды.



Фото галерея