Кафедра башчыларынын студенттер менен жолугушуусу
11-февралда Ош эл аралык медициналык университетинде кафедра башчылары менен студенттердин жолугушуусу болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты — студенттер менен байланыштын натыйжалуулугун жогорулатуу жана билим берүү процессинин сапатын жакшыртуу.
Жолугушууда окуу процесси жана студенттик жашоого байланыштуу актуалдуу маселелер талкууланды. Окуу предметтери, окуудан тышкаркы кружоктор же билим берүү процессинин башка аспектилери боюнча суроолору бар студенттер кафедра башчысынын кабинетине кайрыла алары белгиленди. Кураторлор менен биргеликте сиздерге кырдаалды ыкчам түшүнүүгө жана келип чыккан суроолор боюнча чечим табууга жардам берилет.
ОЭАМУ студенттер менен ачык диалогду туруктуу колдойт. Биздин башкы максатыбыз — ар бир студентке колдоо көрсөтүп, окуу үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу.