560001 «Дарылоо иши» программасы боюнча постмониторингдик отчетту даярдоо боюнча жумушчу топтун жыйыны

оэаму ишиму oshimu омму oimu

560001 «Дарылоо иши» (5 жана 6 жыл) адистигин аккредитацияланган билим берүү программасына ААОПО агенттигинин эксперттик комиссиясыны сунуштарын аткаруунун жылдык постмониторинг отчетун даярдоо алкагында жумушчу топтун кезектеги жыйыны уюштурулду. Жыйында топтун жетекчиси отчеттун формасынын долбоорун иштеп чыгып, аны 1-стандарттын мисалында тузуп көрсөттү.

Белгилей кетсек, 1-стандарт боюнча ААОПО билим берүү сапатын камсыздоо саясатынын Минималдык талаптарын аткаруу үчүн эки сунуш берген. ААОПОнун сунуштарына ылайык, университет тиешелүү иштерди аткарып, отчет жана аны тастыктаган документтердин шилтемелерин даярдады. Мисалы, 1.1- стандарттын пункту боюнча сунуштарды ишке ашыруу максатында "CERT INTERNATIONAL" эл аралык окуу компаниясы менен ОЭАМУ 2025-жылга "MANAGEMENT" журналына жазылуусун жараян кылышты. Ошондой эле "ISO 9001:2015 Сапатты башкаруу системасынын Менеджери/Ички аудитору" темасындагы онлайн авто-вебинардан өтүү боюнча келишим түзүштү. Андан сырткары, "ISO 9001:2015 Сапатты башкаруу системасынын Менеджери/Ички аудитору" оффлайн курсу боюнча келишим даярдалууда.

Аталган курс окуу бөлүм башчылары, процесстерди башкаруучулар, СМКны иштеп чыгуу жана ишке ашырууга жооптуу адистер, ички аудиторлор үчүн иштелип чыккан. Жыйынтык отчетту тапшыруу мөөнөтүн (10.03.25 чейин) эске алуу менен жумушчу топтун ишин күн сайын ар бир стандартты кезек-кезеги менен талкуулоо менен күчөтүү сунушталды.



Фото галерея