ОЭАМУ анатомия боюнча университеттер аралык көргөзмөдө байгелүү орунду ээледи

ОЭАМУ анатомия боюнча университеттер аралык көргөзмөдө байгелүү орунду ээледи

оэаму ишиму oshimu омму oimu

      2025-жылдын 10-декабрында Royal Metropolitan University билим берүү мекемесинин «Морфологиялык жана фундаменталдык дисциплиналар» кафедрасында нормалдуу анатомия боюнча университеттер аралык көркөм көргөзмө өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргызстандын тогуз медициналык университетинин биринчи семестр студенттери катышып, алардын катарында  Ош эла аралык медииналык университетинин командасы да өкүлчүлүк кылды.

      Көргөзмө анатомиянын фундаменталдуу илим катары маанисин гана эмес, аны визуалдык ой жүгүртүү жана чыгармачылык аркылуу таасирдүү көрсөтүүгө болорун далилдеди. Катышуучулардын эмгектери ар түрдүү форматта сунушталды: классикалык анатомиялык сүрөттөрдөн жана макеттерден тартып, заманбап санарип чечимдерге чейин, анын ичинде 3D-моделдөө элементтери жана чыгармачыл инсталляциялар да орун алды.

      Көргөзмөнүн алкагында темалык баяндамалар жана чыгармачыл жолугушуулар уюштурулуп, медициналык иллюстрация жана окуу материалдарын визуалдаштыруу ыкмалары талкууланды. Катышуучулар өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, долбоорлорун тааныштырып, идеялар алмашышты. Бул болсо университеттер аралык кызматташтыкты бекемдөөгө жана кесиптик байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түздү.

      Коноктор иш-чаранын уюштурулушун жана мазмундуу программасын жогору баалашты. Көргөзмө келечектеги дарыгерлерди даярдоодо анатомиянын маанисин баса белгилеп, ошол эле учурда илимий темаларды искусство аркылуу түшүнүктүү жана таасирдүү көрсөтүүгө болорун айкын кылды.

Көргөзмөнүн жыйынтыгы боюнча орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

  • I орун — Royal Metropolitan University командасы;

  • II орун — Osh International Medical University жана Avicenna International Medical University командалары;

  • III орун — International Higher School of Medicine жана International European University командалары.

Жеңүүчүлөрдү жана бардык катышуучуларды жакшы жыйынтык менен куттуктайбыз! Өзгөчө ыраазычылык иш-чараны уюштурган Royal Metropolitan University жамаатына, ошондой эле бардык ЖОЖдордун окутуучуларына жана студенттерине билдирилет.



Фото галерея