ОЭАМУнун окутуучусу «NRE-2 Made Easy 2026» китебинин авторлорунун бири болду

ОЭАМУнун окутуучусу «NRE-2 Made Easy 2026» китебинин авторлорунун бири болду

оэаму ишиму oshimu омму oimu

        Ош эл аралык медициналык университетинин, клиникалык дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу Сайед Али Аббас Рахат медицина тармагындагы лицензиялык экзаменге даярдоого арналган «NRE-2 Made Easy 2026» аттуу эл аралык окуу китебинин даярдалышына өз салымын кошту.

        Бул окуу куралы Индия жана Пакистандын, ошондой эле чет өлкөлөрдө медициналык билим алган талапкерлерине NRE-2 экзаменине ырааттуу жана түшүнүктүү форматта даярданууга көмөк көрсөтүүнү максат кылат. Китеп 2026-жылдагы талаптарга ылайык жаңыланып, негизги клиникалык темаларды өздөштүрүүнү жеңилдеткен материалдар жана практикага багытталган түшүндүрмөлөр менен камтылган.

       Мындан тышкары, Сайед Али Аббас Рахат талапкерлерге экзаменге даярданууда колдоо көрсөтүү максатында NRE-2 боюнча онлайн лекцияларды өткөрүп, темаларды системалуу түрдө түшүндүрүп, практикалык сунуштар менен бөлүшүп келет.

       Авторлордун белгилөөсүндөй, «NRE-2 Made Easy 2026» талапкерлерге өзүнө ишенимдүү даярданууга шарт түзүп, даярдык процессиндеги чыңалууну азайтууга жана жыйынтыкты жакшыртууга жардам берет.

      Эске салсак, NRE-2 (National Registration Examination Step-2) — Индияда, Пакистанда жана чет өлкөлөрдө медициналык билим алган дарыгерлердин клиникалык билимин жана практикалык көндүмдөрүн баалаган улуттук лицензиялык экзамендин экинчи баскычы болуп саналат.



Фото галерея