Студенттик илимий кружоктун кезектеги жыйыны болуп өттү
2025-жылдын 10-декабрында Ошский международный медицинский университет да Студенттик илимий кружоктун кезектеги жыйыны болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө илимий кружоктор тарабынан сунушталган студенттердин илимий-изилдөө иштеринин презентациялары жана жыйынтыктары талданып, алдыдагы конференцияга даярдык маселелери талкууланды. Айрым иштер угулуп, изилдөөлөрдүн мазмуну жана материалдарды сунуштоо деңгээли боюнча талдоо жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында авторлорго жана илимий кружоктордун жетекчилерине баяндама түзүмүн жакшыртуу, изилдөөнүн максат-милдеттерин тактоо, методикалык бөлүгүн оңдоо жана жыйынтыктарды туура тариздөө боюнча сунуштар берилди.
Университетте СНКнын мындай жыйындары туруктуу негизде өткөрүлүп турат. Бул студенттердин илимий ишмердүүлүгүн системалуу колдоого, конференцияларга даярдыкты өз убагында коштоп жүрүүгө жана аткарылган изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.