Ички академиялык мобилдүүлүк алкагында ОММУнун ЖаГУга визити

оэаму ишиму oshimu омму oimu

Ички академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Ош эл аралык медициналык университетинин (ОЭАМУ) окутуучулары жана студенттери Жалал-Абад мамлекеттик университетине (ЖаМУ) барышты.

Иш сапардын журушундө алар ЖаМУнун билим берүү процесси, материалдык-техникалык базасы жана студенттик шаарчасы менен таанышышты. ОЭАМУнун окутуучулары анатомия, клиникалык дисциплиналар жана башка адистик кафедралардын кесиптештери менен жолугушуп, билим берүү программаларын ишке ашыруу, медициналык сабактарды окутуудагы тажрыйба алмашуу жана университеттер ортосундагы мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Айрыкча студенттик шаарчанын шарттары баарына чоң таасир калтырды — келечектеги дарыгерлерди даярдоодо алардын жашоосуна жана окууга ыңгайлуу шарттары түзүлгөн. ОЭАМУнун өкүлдөрү ЖаМУнун билим берүү процессинин жогорку деңгээлин
белгилешип, жылуу кабыл алгандыгы учун ыраазычылык билдиришти.

Академиялык мобилдүүлүк — бул студенттердин университеттер жана эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграциялоо аркылуу билим сапатын жогорулатуунун маанилүү жолдорунун бири. Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары менен да кызматташтык мындан ары дагы өнүгөт деп ишенебиз.



Фото галерея