Индия Республикасынын күнү
26-январь 2026-жылы Ош эл аралык медициналык университетинде Индия Республикасынын күнү расмий түрдө белгиленди.
Иш-чаранын алкагында индиялык студенттер мамлекеттик гимнди аткарып, улуттук желекти салтанаттуу түрдө жайып, ошондой эле индиянын улуттук ырларын аткарышты. Майрамдык программа университеттин студенттерин жана кызматкерлерин бириктирип, маданий көп түрдүүлүктүн жана өз ара урматтоонун маанисин дагы бир ирет көрсөттү.
ОЭАМУ эл аралык студенттик коомчулукту колдоого өзгөчө көңүл бурат: университетте ар кайсы өлкөдөн келген студенттердин маанилүү даталары жана салт-санаалары урматталып, алардын улуттук өзгөчөлүгүн сактоого жана элдер достугун бекемдөөгө шарт түзүлөт. Мындай иш-чаралар маданияттар аралык диалогду өнүктүрүп, толеранттуулукту бекемдеп, университетти билим алуу жана кызматташуу үчүн ачык мейкиндикке айлантат.
Индия Республикасынын күнүн белгилөө менен ОЭАМУ студенттердин келип чыккан өлкөсүнө карабастан, ар биринин маданиятына жана салттарына сый-урмат менен мамиле кылуу принциптерине берилгендигин тастыктайт.