ОАЭМУда ААОПО жетекчилиги тарабынан семинар-тренинг өткөрүлдү

ОАЭМУда ААОПО жетекчилиги тарабынан семинар-тренинг өткөрүлдү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

             2026-жылдын 23-январында Ош эл аралык медициналык университетинде  ААОПО тарабынан уюштурулган «Негизги кесиптик билим берүү программасын (ОПОП) иштеп чыгуу жана өркүндөтүү» темасында семинар-тренинг өткөрүлдү.

            Семинарга ОЭАМУнун профессордук-окутуучулук курамы активдүү катышты. Иш-чара билим берүү программаларынын сапатын жогорулатууга жана аларды заманбап талаптарга жана стандарттарга ылайык келтирүүгө багытталды.

ААОПО жетекчиси семинардын жүрүшүндө негизги кесиптик билим берүү программасын иштеп чыгуунун маанилүү аспектилерине кеңири токтолуп, ОПОПту өркүндөтүүнүн негизги багыттарын белгиледи.

        Мындан тышкары, катышуучулардын аккредитация, билим берүү стандарттары жана баалоо критерийлерине байланыштуу суроолоруна толук жооптор берилди.

        Семинардын жыйынтыгында бардык катышуучуларга тиешелүү сертификаттар тапшырылды.

        Мындай иш-чаралар окутуучулардын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга жана ОЭАМУдагы билим берүү процессин мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.



Фото галерея