ОЭАМУда кышкы экзамендер уланууда
Ош эл аралык медициналык университетинде кышкы экзамендер уланууда. 2026-жылдын 21–22-январь күндөрү студенттер аскердик медициналык даярдык, онкология, кесиптик оорулар, стоматология, вирусология жана биохимия предметтеринен экзамен беришти.
Экзамендер университеттин окуу планын эске алуу менен өткөрүлүп, студенттердин билим деңгээлин сапаттуу баалоо жана аларды кийинки окууга жана кесиптик ишмердүүлүккө даярдоо максатын көздөйт.