ОЭАМУда жылдык медициналык текшерүү: студенттер ВИЧ анализинен өтүүдө

ОЭАМУда жылдык медициналык текшерүү: студенттер ВИЧ анализинен өтүүдө

оэаму ишиму oshimu омму oimu

     2026-жылдын 20-23-январь күндөрү Ош эл аралык медициналык университетинде бардык студенттер үчүн ВИЧ анализдери жүргүзүлүүдө, бул иш-аракет жылдык медициналык текшерүүнүн алкагында өткөрүлөт.

     Студенттердин ыңгайлуулугу үчүн ОЭАМУга СПИД борборунун квалификациялуу адиси чакырылган. Университетте кан алуу үчүн өзүнчө жай уюштурулган. Процедура медициналык кызматкер тарабынан бардык санитардык-гигиеналык эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.

     Жылдык медициналык текшерүү алдын алуу, ооруларды эрте аныктоо жана студенттердин өз ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылуусуна багытталган.



Фото галерея