ОЭАМУнун доценти эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты

оэаму ишиму oshimu омму oimu

11-февраль күнү ОЭАМУнун окуу жана илимий иштер боюнча проректору, доцент К.Ш. Сакибаев Курск мамлекеттик медициналык университетинин (КММУ) 90 жылдыгына арналган «ХХI кылымдагы медициналык билим берүү: Россия жана
Кыргызстандын заманбап демилгелери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышты. Конференция КММУнун базасында (Курск ш., Россия Федерациясы) онлайн форматта өткөрүлдү.

Эске салсак, ОЭАМУ менен КММУнун ректорлору жогорку медициналык билим беруу, илим жана маданият жаатындагы түз жана өз ара пайдалуу кызматташууну орнотуу, ошондой эле окуу-методикалык жана илимий ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында 2024-жылдын 21-октябрында кызматташуу МЕМОРАНДУМуна кол коюшкан.



Фото галерея