ОЭАМУда кышкы сессия өтүп жатат
Ош эл аралык медициналык университетинде кышкы сессиясы башталды. Студенттер окуу программасы боюнча экзамендерди тапшырууда.
Окутуучулар экзамендердин академиялык стандарттарга ылайык өтүшүн камсыз кылып, студенттердин билимин жана көндүмдөрүн объективдүү баалоону камсыз кылышат.
Кышкы сессия ОЭАМУда окуу планына жана университеттин нормативдик талаптарына ылайык өтүп, билим берүү процессинин жогорку деңгээлин сактоого мүмкүнчүлүк түзөт.