ОЭАМУга окуу жана илимий иштер боюнча жаңы проректор дайындалды
Ош эл аралык медициналык университетинин (ОЭАМУ) негиздөөчүлөрүнүн макулдуктары жана сунуштары менен Ош мамлекеттик университетинин доценти, м.и.к. К.Ш. Сакибаев ОЭАМУнун окуу жана илимий иштер боюнча
проректору болуп дайындалды.
ОЭАМУ - 2019-жылдан бери иштеп келе жаткан жаш жана келечектүү медициналык жогорку окуу жайы. Ал General Medicine медициналык багыты боюнча эл аралык билим берүү программасын ишке ашырат.
Доцент К.Ш. Сакибаевдин жогорку медициналык билим берүү тармагындагы көп жылдык бай эмгек тажрыйбасы жана кесиптик чеберчилиги бул университеттин билим берүү жана илимий иштерин өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө чоң салым кошот. Жаңы демилгелерди жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!