ОЭАМУнун расмий сайты төрт тилде иштей баштады
2025-жылдын 15-декабрынан тартып Ош эл аралык медициналык университетинин расмий сайты төрт тилде иштей баштады. Буга чейин сайт кыргыз, орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү болсо, эми түрк тили да кошулду.
Түрк тилиндеги версиянын ишке кириши университеттин эл аралык ишмердүүлүгүн өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Бул чет өлкөлүк абитуриенттер, студенттер жана өнөктөштөр үчүн ОЭАМУ тууралуу маалыматты дагы да жеткиликтүү кылат.
Сайттын көп тилдүү форматы университеттин ачык-айкындуулугун, эл аралык билим берүү стандарттарына умтулуусун жана дүйнөлүк билим берүү мейкиндигиндеги позициясын бекемдөөгө багытталганын чагылдырат.
Ош эл аралык медициналык университети заманбап санариптик чечимдерди киргизүү менен өз өнүгүүсүн улантып, дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген студенттер жана өнөктөштөр үчүн ыңгайлуу маалыматтык чөйрөнү түзүүдө.