ОЭАМУнун окутуучулары Р.М.Тойчуевдин 80 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышышты

ОЭАМУнун окутуучулары Р.М.Тойчуевдин 80 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышышты

оэаму ишиму oshimu омму oimu

        2025-жылдын 17-декабрында Ош эл аралык медициналык университетинин окутуучулары Рахманбек Тойчуевдин 80 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышышты. Алар Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык медициналык факультетинде уюштурулган 1-, 2-, 3-, 4- жана 5-секцияларда илимий изилдөөлөрү жана практикалык иштер боюнча докладдарын сунушташты.

       Секцияларда окутуучулар медицина жана саламаттык сактоо тармагындагы актуалдуу темаларды талкуулап, илимий тажрыйбаларын жана изилдөөлөрүнүн натыйжаларын коллегалары менен бөлүшүштү, бул болсо университеттер аралык кызматташтыкты жана академиялык алмашууну чыңдады.

Секциялардын жыйынтыгында мыкты иштерди жасаган окутуучулар I, II жана III даражадагы дипломдор менен сыйланышты. Ош эл аралык медициналык университетинин мыкты окутуучулары:

            Нишанкулова Эльнура, клиникалык дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу - III орун

            Турсунова Вероника, клиникалык дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу - III орун

            Азизбекова Нурмира, табигый-гуманитардык илимдер кафедрасынын окутуучусу - III орун

            Танабаева Айпери, табигый-гуманитардык илимдер кафедрасынын окутуучусу - III орун

ОЭАМУнун окутуучуларынын конференциядагы катышуусу илимий жетишкендиктерди таанытуу, тажрыйба алмашуу жана университеттер аралык байланыштарды бекемдөө үчүн маанилүү аянтча болду.



Фото галерея