ОЭАМУда Р.М.Тойчуевдин туулган күнүнүн 80 жылдыгына арнал эл аралык илимий конференциянын 6-секциясы өттү

ОЭАМУда Р.М.Тойчуевдин туулган күнүнүн 80 жылдыгына арнал эл аралык илимий конференциянын 6-секциясы өттү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

      2025-жылдын 17-декабрында эл аралык илимий конференциянын алкагында Ош эл аралык медициналык университетинин базасында Р.М.Тойчуевдин туулган күнүнүн 80 жылдыгына арнал эл аралык илимий конференциянын 6-секциясы ийгиликтүү өткөрүлдү.

     Секциянын ишине Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын студенттери жана алардын илимий жетекчилери катышты. Алардын катарында Борбордук Азия эл аралык медициналык университети, Жалал-Абад эл аралык университети, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик университети жана Н. Н. Бурденко атындагы Воронеж мамлекеттик медициналык университети болду.

      Башка университеттерден келген коноктор — окутуучулар үчүн Ош эл аралык медициналык университети боюнча тааныштыруу экскурсиясы уюштурулуп, анын жүрүшүндө алар университеттин инфраструктурасы, окуу аудиториялары жана материалдык-техникалык базасы менен таанышты.

     Студенттер жана коноктор үчүн кофе-брейк уюштурулуп, андан соң иш үч секцияда улантылды. Ар бир секцияда Ош эл аралык медициналык университетинин окутуучуларынан жана чакырылган университеттердин өкүлдөрүнөн турган президиум иш алып барды.

      Секциянын жыйынтыгында бардык студент-катышуучуларга катышуу сертификаттары тапшырылды. Эң мыкты илимий иштердин авторлору I, II жана III даражадагы дипломдор менен сыйланышты.

       Ош эл аралык медициналык университетинин мыкты студенттери:

           Sivakumar Sasi Varunan - I орун

           Thoomathy Keerthana - II орун

           Mohamed Elbana - II орун

           Shweta Salve - II орун

           Mohammed Saiff -  III орун

Бул секция студенттердин илимий изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана жогорку окуу жайлар аралык кызматташууну бекемдөө үчүн маанилүү аянтча болду.



Фото галерея