1-курс студенттеринин арасында анатомия боюнча көргөзмө
2025-жылдын 8-декабрында Ош эл аралык медициналык университетинде 1-курс студенттеринин арасында анатомия боюнча олимпиадага арналган көргөзмө өттү.
Көргөзмөдө студенттер өздөрүнүн чыгармачыл жана илимий иштерин — адамдын органдарынын 3D моделдерин көрсөтүшүп, алардын кантип иштей турганын да түшүндүрүп беришти. Ар бир долбоор оригиналдуулугу жана анатомиялык процесстерди терең түшүнүү менен айырмаланды.
Көргөзмөнүн жыйынтыгында мыкты иштер тандалып, алардын авторлору анатомия боюнча олимпиадага катышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Бул иш-чара студенттердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүп, медициналык илимдерге болгон кызыгуусун арттырган маанилүү кадам болду.