ОЭАМУ Роэль Метрополитен университети менен кызматташуу келишимине кол коюшту
2025-жылдын 1-декабрында Ош эл аралык медициналык университетинин ректору «Роэль Метрополитен университети» билим берүү мекемесинин өкүлү, аталган окуу жайдын «Морфологиялык жана фундаменталдык дисциплиналар» кафедрасынын башчысы, биология илимдеринин кандидаты, доцент Жалилова Айнагүл Абдисалановнаны кабыл алды.
Жолугушуу учурунда эки окуу жайдын ортосунда окутуучулардын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Тараптар конок лекцияларды, студенттик олимпиадаларды биргеликте уюштуруу, окутуучулар ортосунда тажрыйба алмашуу жана илимий конференцияларды чогуу өткөрүү сыяктуу кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты.
Жыйынтыгында Ош эл аралык медициналык университети менен «Роэль Метрополитен университетинин» ортосунда мобилдүүлүк боюнча кызматташуу келишимине кол коюлду. Мындан тышкары, доцент Жалилова Айнагүл Абдисалановна ОЭАМУнун 1-курс студенттерине конок лекциясын окуп берди.