ОЭАМУнун окутуучулары жана студенттери Бабур театрында өткөн Уңгужол боюнча иш-чарага катышты
Ош эл аралык медициналык университетинин окутуучулары жана студенттери Ош областтык соту, Ош шаардык соту жана областынын жети райондун райондук соттору тарабынан Бабур театрында уюштурулган Уңгужолду жайылтууга арналган иш-чарага катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Уңгужолдун негизги багыттары — таалим-тарбия, илим, билим, маданият, мамлекеттик тил — боюнча кеңири маалымат алышты.
ОЭАМУнун өкүлдөрү Уңгужолдун мааниси, улуттук аң-сезимди өнүктүрүүдөгү ролу жана жаш муунду тарбиялоодогу орду тууралуу баалуу маалыматтарды алып кайтышты.