ОЭАМУда СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналган лекция өттү
Ош эл аралык медициналык университетинде дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналган лекция өттү. Иш-чарага чакырылган лектор – психолог Мухаммед Диор Мамир катышты.
Лекциянын темасы «ВИЧ жана стигматизация» болду. Спикер ВИЧ менен жашаган адамдарга карата коомдогу терс пикирлердин жана стереотиптердин таасири, алардын жаралуу себептери жана медицина кызматкерлеринин эмпатия жана кесиптик этика аркылуу дискриминацияны азайтуудагы ролу тууралуу айтып берди.
Студенттер темага чоң кызыгуу менен катышып, активдүү суроолорду беришти. Бул иш-чара ВИЧ/СПИД боюнча маалымдуулукту жогорулатууга жана коомдо толеранттуу мамилени калыптандырууга маанилүү салым кошту.