ОЭАМУда чет элдик студенттер үчүн жол коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлдү

ОЭАМУда чет элдик студенттер үчүн жол коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлдү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

      2025-жылдын 28-ноябрында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн 5-туристтик взводунун улук тескөөчүсү, милициянын капитаны Залов Бакытбек жана милициянын улук лейтенанты Жусубали кызы Наргиз ОММУнун чет элдик студенттер менен жолугушуу өткөрүштү.

     Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге жолдо жүрүүнүн эрежелери, жөө жүрүүчүлөр үчүн коопсуздук чаралары, ошондой эле спирт ичимдиктерин ичип алып унаа айдоонун кесепеттери тууралуу кеңири маалымат берилди. Милиция кызматкерлери мыйзамды сактоонун маанилүүлүгүн жана жол коопсуздугун камсыз кылуу ар бир жарандын жоопкерчилиги экенин баса белгилешти.

     Бул түшүндүрүү иштери чет элдик студенттердин коопсуздугун жогорулатуу жана шаардык жол кыймылынын маданиятын жакшыртуу максатында уюштурулду.

    https://www.instagram.com/reel/DRlwArhjDU_/?igsh=ZGtvMXNjcHYydHd1



Фото галерея