ОЭАМУда интеграцияланган окутуу боюнча онлайн-семинар өттү
2025-жылдын 22-ноябрында социалдык долбоорлор жана мамлекеттик тил боюнча проректор Алиева Чынара университеттин окутуучулары үчүн «Замандын билим берүү системасында интеграцияланган окутуу» деген темада онлайн-семинар өткөрдү.
Иш-чарада окуу предметтерин интеграциялоонун негизги принциптери, кесиптик компетенцияны өнүктүрүү жана окуу процессинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча заманбап ыкмалар каралды. Катышуучулар интеграцияланган окутуу технологияларын ийгиликтүү колдонуу боюнча мисалдарды талкуулап, критикалык ой жүгүртүүнү жана кесиптик жөндөмдөрдү өнүктүрүүдө алардын ролун баалашты.
Окутуучулар онлайн-платформада активдүү катышып, суроолорду беришип жана өз тажрыйбаларын бөлүшүштү. Семинар билим берүү стандарттарына ылайык окутуунун сапатын жакшыртуу жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк болду.