Кыргыз-Индия клиникасынын жетекчиси Ош шаардык кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланды

Кыргыз-Индия клиникасынын жетекчиси Ош шаардык кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланды

оэаму ишиму oshimu омму oimu

     2025-жылдын 19-ноябрында Ош шаарындагы эл аралык медициналык университеттин Кыргыз-Индия клиникасынын жетекчиси Амирова Толгонай Саматовна Ош шаардык кеңешинин ардак грамотасы менен сыйланды. Бул сыйлык Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыйгарылды.

     Бул жогорку баа Толгонай Саматовнанын көп жылдык эмгегин, медициналык инфраструктураны чыңдоо, замандын талабына ылайык дарылоо усулдарын киргизүү жана шаардагы коомдук демилгелерге активдүү катышуу аракеттерин таануу болуп эсептелет.

    Ош эл аралык медициналык университети Амирова Толгонай Саматовнаны куттуктап, шаардагы саламаттык сактоо жана социалдык жактан өнүгүү багытындагы баалуу эмгеги үчүн ыраазычылык билдирет.



Фото галерея