ОЭАМУнун студенттери “XXI кылымдагы медицинанын келечеги” аттуу 1-студенттик жождор аралык илимий-практикалык конференцияга катышышты

ОЭАМУнун студенттери “XXI кылымдагы медицинанын келечеги” аттуу 1-студенттик жождор аралык илимий-практикалык конференцияга катышышты

оэаму ишиму oshimu омму oimu

      2025-жылдын 10-ноябрында Ош эл аралык медициналык университетинин студенттери жана алардын илимий жетекчилери “Медицинанын келечеги. XXI кылым” аттуу 1-студенттик межвуздук илимий-практикалык конференцияга катышышты. Иш-чара Манас шаарында, Жалал-Абад эл аралык университетинин базасында өттү.

      ОЭАМУнун атынан конференцияга он бир студент катышып, өз илимий изилдөөлөрүн сунушташты.
Айрыкча 3-курс студенти Абдуллах Эльбанна пленардык жыйында “Кыргызстанда чет элдик жарандардын медициналык жардам алууда кездешкен кыйынчылыктары” темасында баяндама жасады. Калган студенттер сертификат жана 1 даражадагы дипломдорго ээ болушту.

      Мындай иш-чараларга катышуу студенттердин илимий потенциалын өнүктүрүүгө, университеттер аралык тажрыйба алмашууга жана жаш изилдөөчүлөрдүн активдүү коомчулугун калыптандырууга өбөлгө түзөт.

      Ош эл аралык медициналык университети конференциянын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирет жана бардык катышуучуларга илимий ишмердүүлүктө ийгилик каалайт!



Фото галерея